Калкты жана жарандык абалды каттоо департаментинин билдириши боюнча, 8 учурда паспорт жаракыз деп эсептелет:
– паспорт жоготулса;
– паспорт сынып калса, күйүп калса же башкача дагы бүлүнсө;
– жеке маалыматтардын (аты-жөнү, жашаган жери, улуту, үй-бүлөлүк абалы) өзгөрүшүнө байланыштуу, паспорт алмаштырылса;
– адам Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкса;
– КР жараны өлсө;
– паспорт жараксыз деп сот чечим чыгарса;
– паспорттогу жазууларда каталар бар болсо;
– бош визалык баракчалар түгөнүп калса (жалпы жарандык паспорттор үчүн).