Сүрөт менен иштеген учурда кээде анын фонун алып салуу зарылчылыгы пайда болот. Мындайда биз Фотошоп менен иштей баштайбыз. Бирок бул программа менен иштеш үчүн кайсы бир деңгээлдеги билим жана даярдык керек. Бардыгында эле алар боло бербейт. Мындайда эмне кылыш керек? Көп учурда биз фотошоп менен иштей алган жакындарыбызды издей баштайбыз.