Сайттарга баннерлерди коюш керек болгондо, баннерди жасатыш үчүн программчы балдарга жалдыроого туура келет. Айрым учурда алардын иши көп болгондуктанбы кечке чейин создуктуруп туруп алышат, же биз көтөрө албаган чоң бир сумманы айтышат.
Айла кеткенде жөнөкөй сүрөт түрүндөгү баннерлерди жасатабыз. Бирок жансыз сүрөткө караганда, өзгөрүп, ойноп турган баннер көңүлдү көбүрөк өзүнө бурат эмеспи.
Караса, флеш болбосо да giff форматындагы баннерлерди же сүрөттөрдү адис эмес баардык эле адам өзү жасап алса болот экен.
Мындай жардам бере алган программалар учурда интернетте арбын. Алардын арасынан эң жөнөкөйлөрүнүн бири http://gifovina.ru/ сайты.
Аны өздөштүрүш жеңил.
1. Алгач ойлонуштурулган баннердеги объектилердин кыймылдарынын 10дон ашпаган сүрөтүн (“Гифовина” сайты 10го чейинки гана сүрөттү иштете алат) даярдап алыш керек. Аны ар-ким өзү жакшы билген жол менен даярдап алат. Мен Microsoftтун кадимки стандарттык Paint программасын колдондум.
Кызыккандар үчүн ушуга окшош сүрөттөрдү Paint программасында жасоо жолун кийинчирээк баяндап берем.
2. Эми http://gifovina.ru/ сайтын ачабыз да ага биз жасаган сүрөттөрдү жүктөйбүз. Аны үчүн сайттагы “Добавить кадры” (1) деген бармакчаны колдонобуз.
Жүктөлгөн сүрөттөрдү иреттеп алгандан кийин келечектеги баннерибиздин өлчөмүн беребиз (2). Сайт сунуштаган өлчөмдөрдү тандасак болот, же биз каалаган өлчөмдү көрсөтөбүз. Мен 200х400 өлчөмүн аныктагам.
Эмки кадам, сүрөттөр канча убакыттан кийин алмашып турушун белгилешибиз керек (3). Мен 0,15 секунд деп белгиледим.
Аягында “Добавить” деген бармакчаны басабыз.
Сайттын ылдый жагында даяр болгон giff баннериңер көрсөтүлө баштайт.
Мен жасаган баннер: