Кантип видеожыйындарды уюштуруп турса болот – 2

Мурдагы постто батыш өлкөлөрүнүн видеожыйындарды өткөрүү онлайн кызматтары тууралуу сөз кылган элек. Бул жолкусунда Орусия Федерациясынын компаниялары сунуштаган кызматтар тууралуу сөз болот. Алардын кызматтары мүмкүнчүлүктөрү жагынан кем калышпайт. Эң негизгиси – алар дээрлик бардыгыбыз жакшы билген орус тилинде, а демек аны колдонууда маселе жаралбашы керек.

Толугу менен

Кантип видеожыйындарды уюштуруп турса болот – 1

КОВИД-19дан кийинки заманда алыстан иштөө кадыресе көрүнүшкө айланды. Бирок ишке байланыштуу маселе боюнча жамаат менен же жекеме-жеке бирөө менен жолугушуп, талкуу уюштуруу зарылдыгы уламдан улам чыгып турат. Болгондо да кайсы бир документти же материалды чогуу көрүп, талкуулоо мүмкүнчүлүгү бар болсо.

Төмөндө сунуштаган программалар ушундай мүмкүчүлүктөр каралган.

Толугу менен

Сүрөттөн ашык нерселерди алып салуу жолдору

Айрым учурда сүрөттөн ашык нерселерди алып салуу зарылчылыгы пайда болот. Жасалма интеллекттин (ЖИ) өнүгүүсү бул ишти жеңил эле бүтүргөнгө мүмкүнчүлүк берди.

Эки онлайн кызматты сунуштайм. Экөө тең бирдей иштейт. Оңдоо керек болгон сүрөттү жүктөп, андан алынып салына турган нерсени белгилеп коёсуңар. Калганын ЖИ өзү жасап коёт. Биринчи жолу тазалаганда толук тазаланбай калса, аны дагы бир жолу белгилеп коюп, дагы бир жолу тазалагыла.

Hama

Cleanup

Бул пост телеграмдагы “ЖОЛ” каналынан алынды.

Акысыз видеоредакторлор

Айрым учурда эс алууданбы, же кайсы бир иш-чараданбы тартылган видеолордун негизинде кыска видео клипти жасоо зарылчылыгы пайда болуп калат.

Акысыз, колдонууда жеңил видеоредакторлордун тизмегин сунуштайм.

толугу менен

Google издөө кызматында керектүү маалыматты тез таап алуунун жолдору

Адистердин айтымында, дүйнө жүзүндөгү издөөлөрдүн 90%дан ашыгы Google издөө кызматына туура келет.

Бирок айрым учурда бизди кызыктырган маалыматты табуу көп убакытты талап кылат, кээде табалбай убара болобуз.

Караса, керектүү маалыматты тез таап алуунун бир канча жолдору бар экен. Алардын айрымдарын менен тааныштырам.

Толугу менен

Ишенимдүү сырсөздү жасоонун 2 жолу

Интернет коопсуздугу боюнча адистер ишенимдүү сыр-сөздү түзүү боюнча төмөнкүдөй кеңештерин беришет:

1. Сыр сөздүн узундугу 12 белгиден кем болбошу зарыл (мурда 8 белгиден кем болбошу керек дешчү);

2. Сыр сөздү түзүп жатканда баш жана кичи тамгаларды, сандарды, боштуктарды жана атайын белгилерди колдонуу керек.

Мисалы, oNQZnz$Hx2.

3. Башка адамдар жеңил эле билип ала турган жеке маалыматтар сыр сөздө колдонулбашы керек. Мисалы, аты-жөнүңөр, же туулган жылыңардын даталары.

Толугу менен

Кооз резюмени кантип жасап алса болот?

Жумушка орношуп, же кайсы бир сынакка катышып жатканда сөзсүз резюмени сурашат. Биз мындайда адатынча Word документке өзүбүз тууралуу айрым маалыматтарды жаза коёбуз. Анын кооздугуна, андагы маалыматтардын толук эместигине көңүл бурбайбыз.

Бул туура эмес. Резюме – бул адистин күзгүсү. Ага карап анын ээси тууралуу биринчи көз караш калыптанат. Ошондуктан кооз, так жана толук резюмени түзүүгө чоң көңүл буруу керек.

Биз бардык нерсени интернеттен издеп калдык. Резюмени түзүү жолдорун да интернеттен издей турганыбыз айдан ачык. Бирок, тилекке каршы, интернетте резюмени акысыз түзүүгө жардам берген кызматтардын көбү акы сурашат.

Мен да жакшы резюмени жасоонун жолдорун издеп интернетти түрө кыдырып, сунушталган кызматтарды өзүм колдонуп көрүп, төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап жатам.

Толугу менен

Фейсбуктагы аккаунтуңардын интернет дарегин кантип сиз каалагандай кылып өзгөртсө болот?

f

Фейсбуктагы аккаунтуңарга киргенде анын интернет дарегине көңүл бурсаңыздар. Көп учурда, фейсбуктун өз дарегинен кийин ушуга окшош түшүнүүгө оор жазуулар жана сандар кетет: https://www.facebook.com/profile.php?id=10000…234.

Кааласаңар, бул аккаунт сиздики экенин даана көрсөткөндөй кылып анын интернет дарегин өзгөртүп алса болот. Мисал катары, менин аккаунтумдун дарегин көрөлү – https://www.facebook.com/tokoevm.

Мындай кылып жасаш бат эле. 2 мүнөткө жетпеген убакытты талап кылат.

Окууну улантуу

Чөнтөк телефонго кыргыз тамгаларын кантип жайгаштырса болот?

sotka

Компьютерде кыргыз тамгаларын активдештирип “таза” кыргызча жазууга мүмкүнчүлүк бар болсо, чөнтөк телефонго келгенде “орусча” кыргыз тилине өтүүгө туура келет. Анткени чөнтөк телефонун өндүрүүчүлөр кыргыз тилине кайдыгер мамиле кылышкандай, телефонго жүктөлгөн тилдердин арасынан кыргыз тилин табуу мүмкүн эмес.

Бирок абал анчалык жаман эмес. Айрым эне тилине күйгөн атуулдарыбыз бул өксүктү аздан болсо да жоюуга аракет кылып келишет.

Окууну улантуу

Кантип өзүң giff баннерди же сүрөттү жасап алсаң болот? Гифовина сайты

ris_banner

Сайттарга баннерлерди коюш керек болгондо, баннерди жасатыш үчүн программчы балдарга жалдыроого туура келет. Айрым учурда алардын иши көп болгондуктанбы кечке чейин создуктуруп туруп алышат, же биз көтөрө албаган чоң бир сумманы айтышат.

Айла кеткенде жөнөкөй сүрөт түрүндөгү баннерлерди жасатабыз. Бирок жансыз сүрөткө караганда, өзгөрүп, ойноп турган баннер көңүлдү көбүрөк  өзүнө бурат эмеспи.

Караса, флеш болбосо да giff форматындагы баннерлерди же сүрөттөрдү адис эмес баардык эле адам өзү жасап алса болот экен.

Окууну улантуу