Google издөө кызматында керектүү маалыматты тез таап алуунун жолдору


Адистердин айтымында, дүйнө жүзүндөгү издөөлөрдүн 90%дан ашыгы Google издөө кызматына туура келет.

Бирок айрым учурда бизди кызыктырган маалыматты табуу көп убакытты талап кылат, кээде табалбай убара болобуз.

Караса, керектүү маалыматты тез таап алуунун бир канча жолдору бар экен. Алардын айрымдарын менен тааныштырам.

👉 Конкреттүү фразаны же сүйлөмдү издөө:

Изделип жаткан сөздөрдү тырмакчага алыш керек. Мисалы, “акын Жыргалбек Касаболотов”.

Google журналист, же адис Жыргалбек Касаболотов тууралуу эмес, так анын акындыгына байланыштуу, так ушундай иреттеги сөздөр колдонулган маалыматтарды сунуштайт.

👉 Кайсы бир сөз (сөздөр) эске алынбагандай кылып издөө:

Эске алынбасын деген сөздүн алдына кемитүү белгисин “-” жабыштырып коебуз: Манас -аэропорт

Мындай учурда “Манас” атындагы аэропорт эске алынбаган “Манас” деген сөз колдонулган башка маалыматтар сунушталат.

👉 Кайсы бир сөз (сөздөр) эске алынгандай кылып издөө:

Эске алына турган сөздүн алдына кошуу белгисин «+» жабыштырып коёбуз: Атамбаев +Нарын

Издөө кызматы “Нарын” деген сөзгө байланышы бар “Атамбаев” деген сөз боюнча издөөнүн жыйынтыгын сунуштайт.

👉 Бир сүйлөмдө колдонулган ар башка сөздөрдү издөө:

«Амперсанд» — & операторун колдонобуз. Аны изделип жаткан сөздөрдүн ортолоруна коюу керек: деградация & жайлоо & Нарын

Мындайда “деградация”, “жайлоо” жана “Нарын” деген сөздөр бир сүйлөмдө кездешкен учурлар сунушталат.

👉 Келтирилген бир нече сөздөрдүн жок дегенде бирөөсү катышкан документти издөө:

Бардык варианттарды жазып, ортолоруна тик слеш «|» белгисин коюу керек, же англисче чоң тамгалар менен «OR» жазуу керек: арсланбап | арстанбап

Google же “арсланбап”, же “арстанбап” сөздөрү колдонулган маалыматтарды издейт.

👉 Керектүү форматтагы файлдарды издөө:

Изделген сөздөн (сөздөрдөн) кийин filetype:png деп жазабыз. Бул жерде “png” дегендин ордуна бизге керектүү форматты (jpeg, mp4, pdf, xls ж.б.) коебуз: өлкөнүн ички дүң продукциясы filetype:xls

Издөө кызматы өлкөнүн ички дүң продукциясына байланыштуу маалымат excel форматында болгон файлдарды сунуштайт.

👉 Белгилүү бир тилде издөө:

Аны lang операторун колдонуу менен жасаса болот. lang деген жазуудан кийин керектүү тилдин латын кодун (орус тили – ru, англис тили — en, кыргыз тили — kg) кошуп жазуу керек: Конституция lang:kg

Конституцияга байланыштуу кыргыз тилиндеги материалдар сунушталат. Бирок, моюнга алыш керек, издөө кызматынын жыйынтыгында орус тилиндеги маалыматтар да көп кездешип калат. Бул кыргыз тилиндеги маалыматтардын орус тилиндеги маалыматтарга салыштырмалуу интернет айдыңында азыраак болгонуна байланыштуу болушу мүмкүн.

👉 Сандардын диапозону боюнча издөө:

Кайсы бир сандардын диапозону боюнча издөө үчүн эки четтик сандын ортосуна эки чекитти (үч эмес!) жазуу керек: Ысык-Көлдөгү мөндүр 2000..2016

2000-жыл менен 2006-жылдын ортосундагы Ысык-Көлдө болгон мөндүргө байланыштуу маалыматтар сунушталат.

👉 Изделген сөздөрдүн бардыгы болушун кааласаңар:

Изделе турган сөздөрдүн (сүйлөмдүн) алдына allintext: деген операторду жазгыла: allintext:агитация жана маалымдоо

Биз издеген сөздөрдүн бардыгы колдонулган маалыматтар сунушталат.

👉 Кайсы бир сөздү же санды унутуп калсаңар:

Унутулган сөздүн (сандын) ордуна (*) белгисин койгула: Тогуз * тоомунда

👉 Көбүрөөк сөздү унутсаңар:

Биринчи сөз мене акыркы сөздүн ортосуна AROUND операторун жазып, анын жанына кашанын ичине ушул эки сөздүн ортосунда болжолдуу канча сөз болушу керектигин сан менен жазгыла: Жылуу кийин AROUND(8) кар уруп

Жогоруда ырдын башы жана аягы гана эсте калып, ошол ырдын текстин табуу керек болгон учур мисал келтирилди. Издөө кызматы ошол ырды таап берери (интернетте бар болсо) шексиз.

Мындан сырткары дагы толтура, көп операторлор бар. Бирок, менимче, сунушталгандар көп учурда бизге жетиштүү болот.

Бул пост телеграмдагы “ЖОЛ” каналынан алынды.

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out /  Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out /  Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out /  Өзгөртүү )

Connecting to %s