Кооз резюмени кантип жасап алса болот?


Жумушка орношуп, же кайсы бир сынакка катышып жатканда сөзсүз резюмени сурашат. Биз мындайда адатынча Word документке өзүбүз тууралуу айрым маалыматтарды жаза коёбуз. Анын кооздугуна, андагы маалыматтардын толук эместигине көңүл бурбайбыз.

Бул туура эмес. Резюме – бул адистин күзгүсү. Ага карап анын ээси тууралуу биринчи көз караш калыптанат. Ошондуктан кооз, так жана толук резюмени түзүүгө чоң көңүл буруу керек.

Биз бардык нерсени интернеттен издеп калдык. Резюмени түзүү жолдорун да интернеттен издей турганыбыз айдан ачык. Бирок, тилекке каршы, интернетте резюмени акысыз түзүүгө жардам берген кызматтардын көбү акы сурашат.

Мен да жакшы резюмени жасоонун жолдорун издеп интернетти түрө кыдырып, сунушталган кызматтарды өзүм колдонуп көрүп, төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап жатам.

Word. Ооба. Интернетке кирбей эле, бардыгыбыздын компьютерибиздеги Microsoft Office тиркемелеринин катарындагы документ менен иштөөчү Wordду колдонуп жакшынакай резюмени жасап алса болот экен. Жаңы документти ачып жатып “Создать” дегенди басканда түрдүү документтердин түрлүү шаблондору сунушталат. “Поиск шаблонов в сети” деген терезечеге резюме деп жазсаңар резюменин көп шаблондору сунушталат. Сизге жакканын тандап алып, андагы толтурулган жерлерге (блокторго) өзүңөргө байланыштуу маалыматтарды жазып, резюмеңерди жасап алсаңар болот. Бир гана этият болуш керек. Байкабай айрым бөлүкчөлөрдү орундарынан жылдырып алышыңар мүмкүн.

Google Doc. Gmailде почталары барлар көп жагынан Microsoftтун Wordуна окшош Google Doc тиркмесинде да кайсы бир шаблондун негизинде резюме жасай алышат. Аны үчүн “Файл” → “Создать” боюнча өтүп “Создать документ по шаблону” дегенди басуу керек. Google Doc адатынча резюменин 5 шаблонун сунуштайт. Жакканын тандап алып иштей бериңиздер.

Бул жерде белгилей кете турган нерсе, Microsoft Wordдо да, Google Docдо да резюмени .docx жана .pdf форматында жүктөп алган оң. .docx форматындагы резюмени ага өзгөртүүлөрдү киргизүү керек болгондо колдонуп, резюме сурагандарга анын .pdf түрүн жиберген туура – мындайда резюме өзгөрбөй, кандай жасалса так ошондой болооруна ишенсе болот. Анткени .docx түрүндө жиберилген документ башка компьютерде ачылганда, андагы баштапкы жөндөөгө жараша өзгөрүп кетиши толук ыктымал.

Canva. Сүрөт менен иштөөдө чоң өбөлгө болуучу бул интернет кызматта да кооз резюмени жасоо мүмкүнчүлүктөрү бар. Ага катталып кирип, издөө терезечесине “резюме” деп жазып, анын толтура шаблондорун табасыздар. Көбү акы төлөнүүчу шаблондор – $1. Бирок алардын арасында бекерлери да бар. Жакканын тандап иштей бергиле. Canvaда резюмени жасоо Microsoft Wordдон, же Google Docдон көп айырмаланбайт. Даяр резюмени .pdf форматында жүктөп алса болот.

I can choose. Бул кызматты колдонуунун өзгөчөлүгү – резюмени жасоо автоматташтырылганында. Силерден таап кылына турган нерсе – керектүү терезечелерге өз маалыматыңарды киргизүү. Сунушталган шаблондордун бирин тандасаңар калганын өзү жасайт.
Бир гана кемчилиги – акысыз 1 барактан ашпаган резюмени жасай аласыз. Тажрыйбасы молдор акча төлөп көп барактуу резюме жасай алышат.

Resume.com. Бул кызмат жогорудагы I can choose кызматына окшоп кетет. Бир гана ал толугу менен англис тилинде. Резюмедеги бөлүмдөрдүн аталышы да англис тилинде болот. Жасалган резюмени .pdf форматында жүктөп алса болот. Кызмат акысыз.

* * *
Резюме жасоо шаблондору жана мен сунуштаган кызматтардын көбү орус тилинде. Тилекке каршы, кыргыз тилиндегилери жок. Балким мен өзүмдүн жабык каналымда (https://t.me/dao_zhol/21) жакшы 4-5 шаблонду тандап алып, аларды кыргызчалап жүктөп алууга мүмкүнчүлүк береттирмин. Эгер гана силерди бул нерсе кызыктырса. 🙂

Кызыгуу барбы, жокпу пикириңерди билдиргиле.

“ЖОЛ” каналы

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out /  Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out /  Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out /  Өзгөртүү )

Connecting to %s