(Бул рецепттерди колдонуудан мурда дарыгерден кеңеш сураңыз)
1. Бир тиш сарымсактын тазалап, аны жакшылап эзип, ага эки тамчы камфора майын кошу керек. Алынган аралашманы бинтке салып, кулакка баткандай кылып өрүп орогула. Кулакка салып катуу ачышканча күтүп, андан соң алып салгыла. Муну күн сайын уктаарга 15-20 мүнөт калганда кайталап туруңуз.
2. Лимон жана зайтун (олива) майынын аралашмасы да кулактын угуусун жакшыртууга жардам бере алат. Бир ай бою күн сайын лимондун төрттөн бир бөлүгүн жеп, эртең менен тамакка чейин 1 аш кашык зайтун майын ичип туруу зарыл. Кийинки айда кызыл мыянын (солодканын) тамырынан буурчактай чоңдукта жана деңиз капустасынын күкүмүнөн 1 чай кашыктан жеш керек.
3. Кулакты бор спирти же календуланын тундурмасынын жардамы менен жакшылап жууп чыгып, ширеңкенин башындай мумиену салып коёт. Ушундан соң кулактын калканына кыска укалоо жасап, оорубаган кулагыңызды жазданып 15 мүнөт жатыңыз. Кулакка суу киргизбегенге аракет кылыңыз.
4. Эгерде сиздин кулак тарсылдагыңыз ооруса же өнөкөт ириңдүү отит менен жабыркасаңыз малинанын тамырынан даярдалган тундурманы колдонгула. Малинанын тамырын күзүндө топтоп жакшылап тазалап, аны майда туурайт. Тундурма даярдоо үчүн эки аш кашык тамырды 1 л кайнак сууга демдеп, андан кийин 12 саатка калтыруу керек. Күнүнө эки жолу жарым стакандан ичүү зарыл.
5. 40 пайыздык прополис кошулган спирт тундурмасына жүгөрү же зайтун (олива) майын 1:4 катышында кошосуз. Аралашма бир өңчөй болгонго чейин аралаштырасыз. Алынган аралашманы марлиден жасалган биликтерге сиңирип, ооруган кулактын тешигине саласыз.
Канамицинден укбай калгандар кайраз угабы жана кантип угулат болот ушули суроомо жооп берип коюнуз дары сураныыч
LikeLike
Ката жазылып жатат телефон акылдуу болуп кетип жатат кечиресиздер
LikeLike
Жолдошум болуп калыптыр кандай жолу бар деген элем
LikeLike