Фейсбуктагы аккаунтуңарга киргенде анын интернет дарегине көңүл бурсаңыздар. Көп учурда, фейсбуктун өз дарегинен кийин ушуга окшош түшүнүүгө оор жазуулар жана сандар кетет: https://www.facebook.com/profile.php?id=10000…234.
Кааласаңар, бул аккаунт сиздики экенин даана көрсөткөндөй кылып анын интернет дарегин өзгөртүп алса болот. Мисал катары, менин аккаунтумдун дарегин көрөлү – https://www.facebook.com/tokoevm.
Мындай кылып жасаш бат эле. 2 мүнөткө жетпеген убакытты талап кылат.
Алгач фейсбук барагынын сүрөттө көрсөтүлгөндөй жогору-оң жагындагы үч бурчтук белгини бассаңар терезече ачылат. Андан “Настройки” дегенди басыңыздар.
Жаңы ачылган барактан “Имя пользователя” дегендин тушундагы “Редактировать” деген шилтемени басыңыздар.
Жаңы ачылган талаадан “Имя пользователя” дегендин жанындагы терезечеге сиз каалаган даректи жазыңыздар. Жазгандан кийин ылдый жагында турган “Сохранить изменения” деген бармакчаны басканды унутпаңыздар.
Болду.