Баш ооруганда эмне кылыш керек?


bashooru

Сүрөт Уикипедиядан алынды

Адам баласында эң көп кездешкен оору – баш оору болушу керек. Көп учурда баштын ооруганы адам денесинде кайсы бир оорунун пайда болушун же өрчүшүн билдирет. Ошондуктан баш көп ооруй турган болсо сөзсүз догдурларга көрүнүп, текшерилип алган туура болот.

Биз сунуш кыла турган нерселер баш оорудан толук арылганга же анын сейрек кармашына өбөлгө түзөт.

  1. Температуранын чукул өзгөрүшүнөн жана кескин жыттардан сактангыла;
  2. Эгер ызы-чуудан алыс, тынчтыкта отуруугу мүмкүнчүлүк болсо баштын ооруганы батырак басылат. Андай жайды табуу кыйын болсо берушини (кулак тыгынын) колдонсо болот. Тынчтыкта көздү жумуп 15-20 мүнөт жаткан жетиштүү болот;
  3. Таза абада сейилдеп басуу да баш ооруну азайтат. Бирок трассанын, чоң жолдун боюнда эмес, бакта сейилдеген туура. Терең, жай дем алгыла. 30-40 мүнөттөн кийин баштын ооруганы азая түшөт;
  4. Бөлмөнү мүмкүн болушунча бат-баттан желдетип тургула;
  5. Компьютерде көп отургандар, бат-баттан тыныгып турушу керек;
  6. Уйку режимин сакташ керек. Аны бузууга болбойт. Сөзсүз уйкуңар кансын. Бирок аша чаап кетпегиле. Ашыкча уктоо да баштын оорушуна алып келет. Уйкунун эң туура узактыгы 7-8 саат.
  7. Башты укалоо да пайдалуу. Чекеден желкени карай манжалар менен башты акырын сылагыла. Андан соң желкеден кулак тарапка жылгыла. Андан кийин чокудан каракушту карай. Моюнду да укалагыла. Шашпагыла. Манжалардын басымы катуу болбошу керек, тиер-тийбес болсун;
  8. Ванна кабыл алгыла. Жылуу суу жана жыттуу эфирдик майдын 2-3 тамчысы баштын ооруганын азайтат. Эң жакшылары – лаванданын, жалбыздын, лимондун, майорандын майлары. Аромаваннаны жасоо жолу – эфирдик майдын 5-6 тамчысын деңиз тузу менен аралаштырып (деңиз тузу жок болсо кадимки эле аш тузун колдонсо болот), ваннадагы сууга эритебиз. Мындай ваннада 20-25 мүнөт отурган жетиштүү. Бул убакытты ашырбагыла;
  9. Дагы бир элдик ыкма – картошка компресси. Картошканы аарчыбай бүкүлү бышырып, жылуу картошканы чекеге жана чыкыйга коюш керек;
  10. Чыкыйга 2-3 мүнөткө лимондун кабыгын да койсо жакшы болот;
  11. Кадимки горчичникти да колдонсо болот. Аны чакан төрт чарчы кесиндилерге кесип, сууга малып баштын ооруган жерлерине чаптап коюш керек;
  12. Шакыйы көп кармагандарга чийки жумуртка пайдалуу. Аны кайнаган сүт менен бат аралаштырып, мүмкүн болушунча дароо бир дем менен ичиш керек. Муну бир канча күн кайталаш абзел. Бара-бара шакый кармабай калат;
  13. Кыпкызыл чай демдегиле. Ага бир ууч жалбыз же ромашканы салып 5-10 мүнөт күткүлө. Жаңы демделген чайдан 1 стакан ичкиле. 10-15 мүнөттөн кийин баш оорубай калат;
  14. Эгер баштын ооруганы басылбаса башты алгач жылуу, анан муздак сууга салып көргүлө;
  15. Эгер баш оору бат-баттан кармап турса айрым чөптөрдүн ширелери же кайнатмасы пайдалуу. Мисалы, эртең менен ачкарын картошканын ширесинен ¼ стакан. Карагаттын ширесин ушундай эле көлөмдө күнүнө 3 жолу ичип турса жакшы. Чөптөрдөн – чай чөп, каакым. Алардын кайнатмаларын 2-3 жума ичкиле. Мындан сырткары витаминдерди кабыл алгыла. Алардын жетишпестиги да баш ооруга алып келиши мүмкүн;

Эгер баш оору басылбаса, анда тийиштүү дарыларды ичиш керек. Баш ооруга цитрамон, анальгин, парацетамол, солподеин жакшы. Бирок бул дарыларга организм көнүп калышы мүмкүн экенин билгиле. Айрымдары кошумча терс натыйжа бериши мүмкүн. Ошондуктан аларды колдонууда этият болгула, сейрек колдонгула.

Advertisements

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out /  Өзгөртүү )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out /  Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out /  Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out /  Өзгөртүү )

Connecting to %s