Кагаздан конвертти кантип бат жасап алса болот?


konvert

Тойго акча алып бараарда конверт таба албай кыйналган учурлар кездешет. Мындайда конвертти А4 форматындагы кагаздан (кадимки принтер кагазы) кесип, желимдебей бат эле жасап алса болот.

1. Алгач кагазды узунунан тең экиге бөлүп бүктөп, кайра жазабыз.

1kon

 

2. Эми так ушундай эле туурасынан тең экиге бүктөп, аны кайра жазабыз.

2kon

 

3. Эми үстүнкү эки учун сүрөттөгүдөй кылып бүктөйбүз.

3kon

 

4. Эки капталын алардын кырлары ортоңку сызыкка дал келгендей кылып   бүктөйбүз.

4kon

 

5. Үстүңкү жагын сүрөттөгүдөй бүктөм пайда болгондой кылып бүктөп, кайра жазабыз.

5kon

 

6. Кагаздын ылдыйкы бөлүгүн ортодогу бүктөм боюнча жогору бүктөйбүз.

6kon

 

7. Жаңы бүктөлгөн бөлүктүн жогорку жагын сүрөттөгүдөй сызык боюнча бүктөйбүз. Жаңы бүктөм аркы кагаздын биз мурдараак жасаган бүктөмүнө дал келиши керек.

7kon

 

8.  Жаң бүктөм боюнча берки кагаздын үстүңкү бөлүгүн ар жактагы кагаздын чөнтөкчөсүнө киргендей кылып бүктөйбүз.

8kon

 

9. Конверттин “жапкычын” бери бүктөп конвертти жабабыз.

9konБолду. Конверт даяр. Биз жасаган конверттин өлчөмү берки конверттерден кичирээк. Бирок ага акчаны бүктөп салып койгонго толук жарайт.

Advertisements

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out /  Өзгөртүү )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out /  Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out /  Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out /  Өзгөртүү )

Connecting to %s