Компьютерде кыргыз тамгаларын активдештирип “таза” кыргызча жазууга мүмкүнчүлүк бар болсо, чөнтөк телефонго келгенде “орусча” кыргыз тилине өтүүгө туура келет. Анткени чөнтөк телефонун өндүрүүчүлөр кыргыз тилине кайдыгер мамиле кылышкандай, телефонго жүктөлгөн тилдердин арасынан кыргыз тилин табуу мүмкүн эмес.
Бирок абал анчалык жаман эмес. Айрым эне тилине күйгөн атуулдарыбыз бул өксүктү аздан болсо да жоюуга аракет кылып келишет.
АНДРОИДде иштеген телефондор үчүн
Смартфондордун арасында эң кеңири колдонулган Андроид операциялык системасында кыргыз тамгаларын колдонуунун бир-эки жолу бар.
1. Google Playден “Kyrgyz Keyboard Plugin” деген аталыштагы тиркемени жүктөп алып, кыргыз тамгаларын колдоно баштасаңар болот.
2. Казак шрифттерин активдештирип колдонуу. Бир тууган элдин алфавитинде “Ө, Ң, Ү” кыргыз тамгаларын тапса болот.
WINDOWS PHON операциялык системасында иштеген телефондор үчүн
Windows Phon операциялык системасын колдонгон телефондордо азырынча бир гана жол бар:
Телефонго жүктөлгөн казак шрифттери активдештирип, андагы “Ө, Ң, Ү” тамгаларын колдонуу.