Компьютерде иштегенде кантип отуруш керек?


komp

Азыркы заманда жумушта компьютер алдында көп отурууга туура келет. Үйгө келгенде да компьютер алдында көпкө отургандар аз эмес.

Ушуга байланыштуу адам компьютер алдында туура эмес отурса бат чарчап, омуртка, көз ооруулары пайда болушу же күчөшү мүмкүн.

Төмөндө компьютер алдында отуруунун эрежелери берилген:

1. Башыңарды түз кармагыла;

2. Ийниңерди бош койгула;

3. Аркаңар түз болсун, бир аз жөлөнүп отургула;

4. Көзүңөр экранга түз же бир аз өйдөдөн ылдый карагандай болсун;

5. Алаканыңар менен билегиңер бир сызыкта болуп, денеңерге карата тик бурчту (90 градусту) түзүшү керек;

6. Таманынар полдон бир аз көтөрүлүп турганы оң. Бутуңардын алдына бийиктиги анчалык эмес таканчык коюп алгыла;

7. Монитор көзүңөрдүн деңгээлинде 40-75 см аралыкта болушу керек;

8. Отургучтун бийиктиги 38-55 см болушу зарыл. Отургуч катары бийиктигин өзгөртүүгө мүмкүн болгон креслону колдонгон туура болот;

9. Монитор турган столдун бийиктиги 72-75 см болсун.

Advertisements

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out / Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out / Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out / Өзгөртүү )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out / Өзгөртүү )

Connecting to %s