Кереги жок каалоонун күчүн жок кылуунун натыйжалуу жолу


stop

Каалоонун кадимкидей эле өз күчү болот. Каалоого канчалык эмоция көп жумшалса, анын күчү ошончолук болот. Адам өз каалоолорунун баарын аткара берсе чындап өз максатына жетпейт.

Мисалы, арыктап, сымбатын оңдогусу келген адам курсагы ачканда каалоосун жайына койсо диетанын баарын бузат. Лекция убагында уйкусу келген студент өз каалоосун аткарса сабактын баарын өткөрүп жиберет. Ачуусу катуу келген киши кимдир бирөөнү сабагысы келип жатканда өзүнүн каалоосун эркине койсо бирөөнү майып кылат жана милицияга түшөт. Андыктан каалоону жайына койбой, анын күчүн өзүбүзгө сиңирип алып, пайдаланган алда канча туура. Ошондо адам өзүнө өзү кожоюндук кылат жана өзгөчө энергияга ээ болуп, башкаларга да таасири арта баштайт.

Кайсы бир кереги жок каалоонун күчүн жоготуу боюнча көнүгүүнү дайыма аткарып жүрсөңөр, өзүңөрдү толук башкарып, энергияңарды туура жумшаганды үйрөнөсүңөр.

Көнүгүү

  1. Адегенде каалоону күчөтөсүңөр. Ал үчүн каалаган нерсеңер тууралуу гана ойлоносуңар. Каалооңорду үйлөтүлгөн шар түрүндө элестетсиңер. Элестетүү өтө маанилүү.
  2. Өпкөдөн демди чыгарып туруп, 8 секунд ичинде мурун менен шашпай тынымсыз дем тартасыңар да, ошол 8 секунддун ичинде “Мен бул каалоонун күчүнүн баарын (каалоонун өзүн эмес, анын ичиндеги нейтралдуу күчүн гана) аба менен кошо тартып алып жатам” деп ойлойсуңар.
  3. Өпкө абага толгондон кийин 8 секунд бою тышка чыгарбай кармап турасыңар да, “Мен бул каалоонун күчүн камап алып толугу менен өзүмө баш ийдирип атам, ал мага баш ийбеске айласы жок” деп ойлойсуңар.
  4. Андан кийин шашпай, 8 секунд ичинде мурун менен акырын өпкөдөгү абаны тышка чыгарасыңар да, чыгарып жатканда “Мен толук тең салмак абалдамын, бул каалоо мага толугу менен баш ийди” деп ойлойсуңар.
  5. Андан кийин бир сыйра шашпай дем алып жана дем чыгарып көрүп, каалоонун күчү кандай болуп калганын байкап көргүлө. Каалоонун анча-мынчасы дагы эле калган болсо – көнүгүүнү кайра кайталаш керек. Адатта бул көнүгүүнү 1 жолу туура жасаганда эле каалоо жок калат.

Бул көнүгүүнү өздөштүрүп алгандан кийин силерге кайсы каалоонун аткарылышы керек, кайсынысыныкы кереги жок экенин талдап, азыр аткарылышы кереги жок каалоолордун күчүн ушинтип сиңирип алганды адат кылып алгыла. Бара-бара өзүңөргө керектүү каалоолор кандай тездик менен аткарыла баштаганын өзүңөр да сезе баштайсыңар.

Эсиңерде болсун, каалоолордун кулу болгон адам – мал. Каалоолорунун, сезимдеринин ээси болгон адам гана – Адам.

Жыргалбек Касаболотов

Комментарий кошуу