Кантип көмүрдү үнөмдөсө болот? Көмүр брикеттерин жасоо


komur

Кыш жакындаган сайын көмүр маселеси да курчуй баштайт. Жашоо көрсөткөндөй, көмүр баасы жыл сайын кымбаттабаса, эч арзандабайт. Бирок көмүргө кеткен чыгымдарды бир кыйла азайтып алса болот экен да.

Анын сыры көмүр чаңында. Аны көмүр саткан жерден сатып алса болот. Адатынча баасы көмүрдүкүнөн бир кыйла арзан. Же болбосо көмүр чаңы көмүр менен жылытылган ар-бир үйдө табылат. Үй ээси аны кантип колдонууну билбей убара тартып келет. Кесек көмүргө кошуп жакканга аракет кылганы менен баары бир топ топтолуп калат.

Аны жөн гана ак топурак менен аралаштырып, суу кошуп эзип, кадимки кыш куйгандай куйуп брикет кылып жасап алсаңар болот.

Ак топурак бул жерде көмүр чаңдарын байланыштырган зат катары колдонулат. Көмүр брикети жакшы күйүшү үчүн топурактын көлөмдүк үлүшү 1/3 же андан азырак болушу керек, б.а. бир мүшөк көмүр чаңына 1/3 мүшөккө жакын ак топурак кошулат.

komur1

Көмүр брикеттеринин формасы, көлөмү бул силердин фантазияңарга жана колунарда бар калыпка байланыштуу.

komur2

Бирок бизде брикет жакшы күйүшү үчүн анда жыртыктарды жасаган атайы станогубуз болбогондуктан көмүр брикеттеринин өлчөмүн биз жагып жүргөн кесек көмүрлөрдүн өлчөмүндөй кылганыбыз оң.

Айрымдар көмүр чаңын уй богуна аралаштырып да, брикеттерди жасашат. Бирок баарыбызда эле уй боло бербесе керек.

Көмүр брикетинин табы таза көмүрдүкүнө жетпейт, бирок ал формасын бузбай күйөт, демек меш тазалоо бир кыйла жеңилдейт. Анан да акчадан үнөм жана көмүр чаңы маселеси чечилет.

Advertisements

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out /  Өзгөртүү )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out /  Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out /  Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out /  Өзгөртүү )

Connecting to %s