Бул балким оригами жолу менен жасалган кагаз учактын эң жөнөкөйү. Бирок учканы жакшы.
Бизге принтер кагазы керек. Аны чакмак (квадрат) болгондой кылып жасап алабыз. Аны жасоо жолу сүрөттө көрсөтүлгөн.
Жасалышы
1. Чакмак баракты тең эки бүгүп кайра жазабыз.
2. Эки каптал учун сүрөттөгүдөй кылып бүктөйбүз. Алардын кырлары өзөк сызык менен дал келишине көңүл бурабыз.
3. Ар бир капталын сүрөттөгүдөй кылып дагы тең эки бүктөйбүз. Мында да капталдардын кырлары өзөк сызык менен дал келиши керек.
4. Учунан бүктөмдөрдүн узундугунун болжол менен үчтөн бир аралыкта сүрөттөгүдөй кылып учун бүктөйбүз.
5. Баарын туура жасасак ушундай фигура пайда болот. Бизди карап турган жагы сыртта калгандай кылып өзөк сызык боюнча тең эки бүктөйбүз.
6. Баш жагын жана аяк жагын тең эки бөлгөн сызык боюнча канаттарын бүктөп, аны кайра бир аз жазабыз. Эми учакты учура берсе болот.
Учакты учуруунун айрым сырлары менен бул жерден тааныша аласыңар.
Учакты жасоо жолу “Кагаз учак” сайтынан алынды.