Кантип компьютерде кыргыз шрифттерин активдештирсе болот?


kyrtamgalar

Интернет аркылуу кат алышканда, же болбосо социалдык тармактарда орус тамгалары менен кыргызча жазган учурлар көп кездешет. “Ү”нүн ордуна “У”, “Ө”нүн ордуна “О”, ал эми “Ң”нын ордуна “Н” жазышат. Түшүнсө болот, бирок “эмне айтайын деп жатты эле” деп кыйналган учурлар да болот. ҮГҮТпү же УГУТпу, БУТпу же БҮТпү деп.

Баарынан кызыгы, элдин басымдуу бөлүгү колдонуп келген Microsoft Windows операциялык системасында кыргызча шрифттерди активдештирүү эчак эле каралган.

Аны кантип активдештирсе болот? Биз учурда элибиздин көбү колдонуп келген Windows XP мисалында айтып берели.

Кыргыз тамгаларын активдештирүү

1. Компьютерде учурда колдонулуп турган (активдүү) тилди көрсөткөн терезечеге (адатынча компьютердин оң-ылдый жагында) курсорду алып келип, чычкандын оң бармакчасын басабыз.

Жаңы ачылган терезечеден “Параметры” дегенди басабыз.

kyr1

2.  Аны басканда дагы бир терезече ачылат. Андан  силер иштеген компьютерде кайсы тилдер активдештирилгенин көрсө болот.

kyr2

3. Жаңы чыккан терезечеде “Добавить” деген бармакчаны басабыз. Ачылып турган терезеченин үстүнөн дагы бир кичи терезече ачылат.

kyr3

4. “Язык ввода” дегенге курсорду алып келсеңер ар-кайсы тилдердин аттары жазылган узун тизмек чыгат. Ошонун ичинен “Киргизский (кириллица)” дегенди таап,  басабыз.

kyr4

5. Тизмек жабылганда алдындагы “ОК” деген бармакчаны басабыз. Бул терезече жабылып, мурда ачылган терезечеде активдештирилген тилдердин катарына кыргыз тили да кошулуп калганын көрөбүзт.

kyr5

Анын алдындагы “ОК” бармакчасын дагы басабыз.

Бүттү. Силердин компьютерде эми кыргыз шрифттери активдештирилип, “ө”, “ү” жана “ң” тамгаларын колдонуп кыргызча “таза” жаза баштасаңар болот.

“Ө”, “Ң”, “Ү” тамгаларын жазуу жолдору

Алгач компьютерде колдонула турган тил катары Кыргыз тилин көрсөтөсүңөр – “Shift” менен “Alt” бармакчаларын бир басуу аркылуу, же сунушталган тилдердин арасынан кыргыз тилин тандап алуу аркылуу (“кү” деген белги).

“ө” тамгасын жазыш үчүн клавиатрудагы чоң узун бармакчанын оң жагында жайгашкан “Alt” бармакчасын жана “о” тамгасын бир басыш керек.

“ү” тамгасын жазыш үчүн жогоруда аталган “Alt” бармакчасын жана “у” тамгасын бир басыш керек.

“ң” тамгасын жазыш үчүн “Alt” бармакчасын жана “н” тамгасын бир басыш керек.

Ал эми баш тамгаларды жазыш үчүн дагы кошумча “Shift” бармакчасын басыш керек болот.

Аталган жол бир аз ыңгайсыз – кыргыз тамгаларын жазыш үчүн эки бармакчаны басууга туура келет. Бирок кыргызча “таза” жазууга мүмкүнчүлүк берет.

Advertisements

Жооп калтыруу

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out /  Өзгөртүү )

Google+ photo

You are commenting using your Google+ account. Log Out /  Өзгөртүү )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out /  Өзгөртүү )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out /  Өзгөртүү )

w

Connecting to %s